03 май 2026
Кароолор: 6
Сел коркунучу жаралган аймактан 28 үй-бүлө эвакуацияланды
Сел коркунучу жаралган аймактан 28 үй-бүлө эвакуацияланды
2-май күнү кечке жуук жүргөн селден улам Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр жана Үч-Дөбө айылдарынан 28 үй-бүлө коопсуз аймактардагы туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов кырдаалды жеринде көзөмөлгө алып, жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ак-Татыр айыл аймагында 50гө жакын турак үйдүн короолоруна (огород) сел суулары кирген.
Учурда жеринде 100дөн ашуун жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү иш алып барууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы